жетим

китептерде 221 жолу, 10 китепте
  1. Ата-энеси экөө тең же алардын бири өлүп калган бала же жаш мал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айылда бар бир катын, / Өзүбектин жесири, / Ээрчип жүргөн уулу бар, / Атасы жок жетими. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куу сакал Бакай, Каныкей, / Жылма катын Айчүрөк, / Ой Гүлчоро, жуукур кул, / Жетим бала Сейитек, / Эми мени айаба! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алыстан келип көп душман» / Кармап алды түшүмдө, / Сага окшогон жетимди! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошонун жалгыз ооз сөзүн билбесем да, ысыкта мемиретип салган кайгылуу, заардуу, жетим обону менин жүрөгүмдү козгоп, анын мазмунун ошончодон жалгыз өзүм түшүнүп тургандай болом. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Мен жашымдан жетим калган элем. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →