жетек

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Жетелеп, коштоп алып жүрүү абалы.
  2. Бирөөнүн айтканы, дегени менен болуучулук.
  3. Бирөөнүн жол көрсөтүүсү, жетекчилиги астында болуучулук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көкаланы албады, / Жетекке аны салбады, / Шайбаңдата бастырып, / Баатырың жөнөп калганы, / Шабыркандын сайында, / Душманга жете барганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Таз Баймат турду алдырап: / «Мен барайын, аба» лап, / Ажыбай турду шалдырап: / — Каныкей минип келерге, / Ала бар чоң Күрөң ат, - / Ачып көздү жумганча, / Айтып Бакай болгунча / Таз Баймат кетти аттанып, / Жетекке Күрөң атты алып, / Көөнү өстү Байматтын, / Көктеке минип шаттанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жетип Серек Сыргакка, / Жаш толтуруп көзүнө, / Алмамбет айткан керээз кеп, / Серектин бар эсинде, / Телкызылга Сыргактын, / Артып сөөгүн жүктөдү, / Жетекке алып Кызылды, / Коңурбайдын артынан, / Тобокел деп түшкөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Коржоңдогон чоңдугу, / Жылында барып казактан, / Короосу менен кой алат, / Кол сунганы кур калбайт, / Жүктөөрүнө төө алат, / Жетекке кошуп ат алат, / Аз келгенсип ал иши, / Сулуу кыз деп чыр салат, / Каңгайлык барып кеткинче, / Сай-сайда кыздар саңдалат, / Эне-атасы аш ичпей, / Кантебиз деп … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →