жете

китептерде 385 жолу, 10 китепте
  1. Жети атанын бири – жетинчи ата.
  2. Түпкү укум-тукуму, ата-бабасы, теги, түбү, негизи.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чапты деген кайсы эл, / Чабылганы кайсы жер, / Ушуну айта кетейин, / Андан кийин Курчундун, / Артынан кайта жетейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Же Таласты беттеп жол алып, / Карамендер басканбы, / Кененим жокто жетем, деп, / Кеңирсип жаткан кыргызды, / Асты-үстүнө кылам,деп, / Коросондун каалгасын, / Бузуп кирди талкалап, / Күмбөзүнө айкөлдүн, / Кастык кылып жүрбөсүн, / Так… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир күндүк жолду үч күнү, / Бекер ачка бастым, деп, / Карайлап көзүм талды – деп, / Карыптык жанга батты” – деп, / Кайгы булут сүрдүгүп, / Хан досунан түңүлүп: / “Мында туруп нетейин, / Не мураска жетейин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ак жал минип абакең / Сүтбоз менен энекең, / Койкүрөң менен Сейтек, / Ак куу болуп Айчүрөк, / Күн-түнү жок желиптир, / Кайыпчы жете келиптир, / Арстан Гүлүс караса, / Абакең келет шалкылдап, / Ак сакалы жаркылдап, / Каныкей келет каркылдап, / Эмчек сүтү тамчылап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бул жаңкы ат чыгып кеткен дарбазага жаңы жете бергенде, бир уйгур жигит, дарбазаны шарт жаап жиберип: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →