жер

китептерде 3174 жолу, 10 китепте
  1. Күндү тегерете жана өзүнүн огунда айлануучу күндөн кийинки үчүнчү планета.
  2. Кургактык (океан, деңиз ж.б. сууларга карама-каршы түшүнүктө).
  3. Биздин планетанын үстүнкү бети, үстүнкү катмары, кыртыш, топурак.
  4. Айдоо, жайыт, чабык катарында пайдаланыла турган аянт, белгилүү бир участок.
  5. Өлкө, мекен, мамлекет.
  6. Орун, белгилүү бир жай.
  7. Кандайдыр бир өлчөмдүү аралык.
  8. Көбүнчө келген тарап же келин болуп келүүчү кыздын төркүндөрү, куда тарап.
  9. Дененин же кандайдыр бир нерселердин айрым бөлүгү.
  10. Кандайдыр бир нерселердин, иштин, жөнүн, шартын, ал-абалын билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эби келген кези экен, / Эки ингендей жерди албай, / Эртеңден калбай аттанып, / Кокту кат барам бир тынбай, / Карыңды бактын каркыттап, / Энеңди баккын сүт актап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…мды карап көрөм деп, / Дайынсыз кепти айтчу эмес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип теминип, / Каргадай жалгыз жол жүрүп, / Калган Сыргак эригип, / Жердин бети ачыла, / Тунарыктар жазыла, / Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Ту… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкей айтат: - Канчоро, / Жерге түшкөн кезиңде, / Жерден алган мен элем, / Эмчегим эмген сен элең. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кай бир күндөрдө жумуш кылып жүрүп конуп калып музоого ушул жерден туруп кеткеним бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала эки өгүздү чыгарып коюп, бир колу менен тартып, бир колу менен кармап, жерди айдап таштайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →