жемир

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Бир жак четинен кемире бузуу, кемитүү, уратуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жемирсең мөрөй сеники, / Жеңилип калсаң кокустан, / Жедим тамак меники. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аларды алса жемирип, / Карк толсо көөнү семирип, / Айкөл шерге бармакчы, / Кол салышып, элирип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жылкыны жолго салышты, / Жылдырып айдап алышты, / Суудан чыга таң атты, / Анда Сыргак муну айтты: / — Айланайын Алаке, / Айдаган жылкы токсон миң, / Бар экен мында береке, / Жемирген жерди чоң дайра, / Агып өттүк араң да, / Кандай шумдук сыр эле, / Өлбөдү мындан бир тай да? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карандай дөөдөн Борончу, / Корккондун бири болуучу, / Үчөөнү алдык жемирип, / Тура албай калды Коңурбай, / Жалгызсырап желигип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арзандык менен Калдуубет, / Жемирилип бербейт, — деп, / Жонунун жоору бүтө элек, / Чогулуп үйгө түшө элек, / Жолоочу жүргөн кезинде, / Жолугуп ага жетейин, / Жоболоңдуу Калдуубет / Жолукса башын кесейин, / Бадана тонун чечейин, / Тулпарын алып олжого, / Минер атка жетейин”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →