желке

китептерде 44 жолу, 8 китепте
  1. Моюндун арт жаккы бөлүгү, шили, кежиге.
  2. Кежиге териси, моюн терисинин кежиге жагы, шили жагы.
  3. Бир нерсенин арка жагы, арт жагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мен алданып калмакка, / Малдын кулу экенмин, / Кең пейил элге күйүнгөн, / Сен Кененим экенсиң, / Кененим сенден жалтайып, / Акчан киши экенмин, / Желкеңден жерге баспасам, / Жети ата кылып кыргызды, / Жети катар чаппасам, / Дабытай атым курусун, / Жесир катын, жетим уул, / Журт- журтта калып улусун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алмамбетти өлтүрүп, / Куурайдай мойнун кыйыңар, / Агеркечти жулмалап, / Желке чачын кыркыңар, / Кементайды кийгизип, / Кер байталды мингизип, / Алып барып таштаңар, / Карахандын шаарына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара нээт бул канчык, / Чойтолоңду кастады, / Тапан ханга тилдетип, / Желкесинен баскалы: / — Сейиттен өлдү канча жан, / Эми өлсө эки, үч эр / Баарысы эрчип бул элиң, / Чойтолоңдун артынан, / Сейитке жагынып, / Кетирет сени баркыңдан, / Эмгичекти канча кеп, / Таратты экен артыңдан? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Капташа түшкөн мезгилде, / Көк желкеге бир койду, / Тоосур менен Кутургур, / Катар экөө тоңкойду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Колунан бир сапар бошой түшкөндөй болдум эле, кайтып жана жетип, желкемден муунтуп, кармап алып дагы бир топ шылып жиберди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →