жеке2
- Жалгыз, жалгыз өзү гана, жалаң өзү, жалаң гана, бир гана.
- Айрым, бөлөк, башкалар менен аралашпаган же кошулбаган абалда, өзүнчө.
- Жекеме-жекеге чыккан кармаш, жекеме-жекеге чыккан беттешүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыттардын хан Калдык, / Жан алчуудай каарданып, / Өзүмдүн элим дебестен, / Ачуу сөзүн агытып, / Калгандарга заар салып: / — Эртеңден баштап жекеге, / Мен барамын дебегин, / Мен барам деп чыкканын, / Баш байланып келесиң, / Баш байланып келбесең, / Башыңды берип өлөсүң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
деп, / Канткенде кылам кабарды, / Чигитей укса экен” – деп, / Көп эле акыл ойлонду, / Көөнүндө буга токтолду, / Көмөрүп башка кийгени, / Көл темирге окшоду, / Жеке баатыр эр болду, / Жер жайнаган беш урук, / Талаада калың эл болду, / Талаада жүргөн атын таап, / Телегейи тең болду, / Күүгүм кирип күдүңдөп, / Көз байланган …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жекелеп келген Талана: / — Жекеге келдим мен сага, / Жиним келип козголдум, / Табылбайт бүгүн саа даба.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аркасын карап: -Сен, — деди, / Жекеге чыгам мен — деди, / Кайда кеттиң Коңурбай, / Коркуп качкан Манасын, / Көрсөтүп мага бер — деди, / Алмамбетиң канаке, / Боорун анын тытамын, / Мага болсун жем!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баатыр болсоң, Канчоро, / Бастырып чыккын жекеге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →