жебе
- Жаанын огу.
- Жаа.
- Жаа огунун учундагы учтуу темири.
- Өлчөгүч, ченегич, көрсөткүч буюм, аспаптардагы керектүү сан, белгилерди көрсөткүч (мисалы, саатта, таразада ж.б.).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жебеге керген ок жетип, / Жети-сегиз немеси, / Катары менен тең кетип, / Топчу кулак кер аты, / Тулпарлыгы билинип, / Тууралап качкан немеси, / Найзага калды илиниип,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
чоң капа: / “Сырттан болсо ушул кыз, / Сырымды менин билер – деп, / Аз болгондо үч жылда, / Араң мында келем” – деп, / Жаага атчу саадактан, / Сууруп алды бир жебе: / — Бул айылда калсын, — деп, / Унчукпастан эч кимге, / Ыргытып ийди жөнөөрдө, / Элебей элдер калыптыр, / Көкөй көрө салыптыр, / Кыргыйдан мурун Торгой кыз, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жөө күрөшүп он беши, / Муунуңду бошотот, / Жалгыз кылды жара атат, / Он беши жебе жаа тартат, / Жаның кантип жай табат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…илиптир, / Келтире албай кабууга, / Далайдан бери жүрүптүр, / Сарала менен сансытып, / Жолойго Алмаң тийиптир, / Жоо бөрүсү Жолойго, / Жолгошуп Алмаң ошондо, / Жебеден мурда жеткени, / Ачбуудандан Жолойду, / Аңтара койуп өттү эми, / Жер тайанып турганча, / Жеткилең Чубак жеткени, / Жолойдун башын кескени, / Кылычын тартып алг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдынан тосуп найзалап, / Аралап кирип кылычтап, / Белден тосуп мылтыктап, / Жекелеп чыккан немесин, / Семетей менен кара дөө, / Жер жазтантып жалмады, / Алдына карай оозгонду, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Жебе менен жайлады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →