жаңыр2
- Жаңы болуп өзгөрүү, жаңы абалга, түргө келүү, жаңы болуу.
- Мурункусу бүтүп, кийинкиси кайра жаңыдан башталуу (көбүнчө жыл, айларга карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көөдөнгө найза така-так, / Туулгага балта чака-чак, / Айкырган үнү жаңырат, / Баатырлардын бака-бак, / Обону карай созулат, / Жерден чыккан топурак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Отуз күн жатып адырда, / Кайберенден уу уулап, / Ителгисин куу-куулап, / Ит агытып акырык, / Тоо жаңырган бакырык, / Талаада жүрүп, деми сууп, / Жетисууга кетмекке, / Аттанып чыкты чубуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ал аңгыча болбоду, / Асмандан мунар буу чыкты, / Үч-Кошойдун бөксөдөн, / Көк жаңырган чуу чыкты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ушунун обонунда бир терең сыр бардай, кечке жакын сайды жаңыртып салган эркин обону менин жүрөгүмдү козгоп, касирет-кайгыдан бошотуп, алдакайда көтөрүп сергитип таштачу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Падышам -деди вазир, – күн батышта Күлдүркан деген бар, анын Айсулуу, Күнсулуу деген эки кызы бар, күлүп койсо караңгы жарык болот, бир шаар жөн эле жаңырып турат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →