жаңы

китептерде 214 жолу, 10 китепте
  1. Жаңыдан гана жасалган, эски эмес же али эскире элек.
  2. Мурда болбогон, жаңыдан чыга баштаган, мурда колдонулбаган, биринчи пайда болгон.
  3. Мурда болгон нерсенин ордуна келген, кайта башынан башталган.
  4. Азыр эле, мындан бир аз убакыт мурда, жанараак эле.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачанын айтканын, / Жаңы туулган балага, / Ак шамшарын тартканы, / Кабар угуп Бекбача, / Үч күн эстен танганын, / Ордун көрүп Фанунун, / Кой эти бышым жатканын, / Матанын кандай экенин, / Айтып берди бар кебин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карандатпай жаныңа, / Кадемин анын катырдың, / Кара жерге тапшырдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жаңы бышты жазга асый, / Кебетеси ушундай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Карпыктыкына барсам, бир койду жаңы союп, терисин сыйрып жатыптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бирок ошондой болсо да, жерге жаңы чыккан көк чөпкө эч алым жетпеди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →