жаңса

китептерде 17 жолу, 7 китепте
  1. Кандайдыр бир нерсени көрсөткөндөй, чакыргандай колун шилтөө, колду шилтеп жандап белги берүү, жаңдоо.
  2. Жазгап шилтөө, жазгап тап берүү.
  3. Таамай, тике айтпастан жандатып айтуу, кыйытуу.
  4. Кандайдыр бир нерсеге карай багытталган абалда болуу, кандайдыр бир нерсеге жандаган абалда болуу, тиер-тийбес абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сырты менен какпаган, / Мизи менен жаңсаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…генин, / Ойума сактап түйгөнмүн, / Минер аттын баарынын, / Тулку бойун күймөлөп, / Туйагынан башкасын, / Баарын күмүш түймөлөп, / Мылтык атса ок өтпөс, / Милте жанса чок өтпөс, / Чапса кылыч кесе алгыс, / Сайса найза теше алгыс, / Камдакай менен каптадым, / Кара бойум чаптадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда Гүлүс муну айтат: / — Жарым ооз кебим бар, / Жалпы баарың угуңар, / Ырайдан жанса Канчоро, / Ага ырайым кылыңар, / Жаман болбос мунуңар, / Жакшы берди кеңешти, / Абам Бакай билсин, деп, / Хан Сейитек уулуңар, / Энем менен жеңекем, / Акырында ушулар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Айткан тилди алсаңчы, / Ырайыңан жансаңчы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ээрчитип отуруп, үй артындагы арыктын боюна алып барып, агып жаткан сууну колу менен жаңсап көрсөттү да, мени таштап коюп, кайра кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →