жаңда

китептерде 5 жолу, 5 китепте
  1. Бирөөлөргө кандайдыр бир ойду билдирүү, белги берүү максатында сөз айтпастан колун шилтөө, кол жаңсоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ташка тийген немедей, / Чак этип кайра жанганы, / Чанданды көргөн Чакмакташ, / Андестиги кармады, / Кисепчеден жаңдата, / Күрөөкөсүн көтөрө, / Кара санга сайганы, / Найзанын учу жетиптир, / Узундугу төш жары / Этин тилип кетиптир, / Кара сандан кан агып, / Арыкта суудай шар агы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…чырагы эки көз, / Маңдайында алаңдап, / Мингени тору тобурчак, / Ооздук тиштеп жалаңдап, / Учкан куштай дыркырап, / Найзанын куусу зыркырап, / Топурак учуп жер жаңдап, / Өзүнчө сүйлөп күбүрөп, / Күүлүү келет бадырек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сызгырылтып майларын, / Жилигин отко жагам, — деп, / Алтын тагын коморуп, / Байсалды анан табам, — деп, / Камынып калган кези экен, / Ал Манаска барганга, / Жаңдаган аскер өтө көп, / Тиккен чатыр баары көк, / Байкап көрсө адамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп дүрбөлөң бакырып, / Кең майданды жаңдатып, / Төөсүн минип тартайып, / Дык тийбеген бетине, / Сакалдарын бакчайтып, / Чачы түшкөн белине, / Шамал ыргап саксайтып, / Күчөп жаман акырат, / Кара жанды кашайтып: / — Менин атым Дүрбөлөң, / Сейит, кеттиң дүйнөдөн, / Барып бер деп айта албай, / Тапан хан менден сүрдөгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Байболоттун иши бүткөндөн кийин пристав мурутун чыйратып түксүйүп, бир аз ары-бери басып турду да, бир кезде өтүп баратыщ жаңкы биздикинен келаткан жолоочуга жасоолдорду жаңдап өттү эле, жаланып турган ойрондор турабы — жабыла минди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →