жаян1
- Чоң балыктын бир түрү (сом).
- Эпосто укмуштуудай зор жырткыч балык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кар кызыл жаян болуп калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Жаян балыктын бир жак кабыргасын алтын уук кылып кел, жети күндөн калбагын, жети күндөн калсаң, аялың биздики болот, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Бул дарыяга түшүүгө болбойт, жылан, жаян көп, ал бизди тартып кетет, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Мейли,мен түшөйүн, сен менден көзүңдү айырбай тургун, эгерде жаян чыкса ат, – деп мага жаасын берип, өзү сууга кирди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Мен жигиттин кыз экенин анык билип сүйүнгөнүмдөн жаяндын келерин унутуп коюптурмун, кызды жаян тартып кетсе болобу!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →