жая

китептерде 7 жолу
  1. Жылкынын учасынын кыртыштуу келген майлуу жумшак эти.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Көрсөткөн жерине таарды жая салып, үстүмө тонумду жамынып жатып алдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Алдыбызга күндөгү көнүмүш кара кийизди жая салып, үстүнө бир жаман жуурканды таштай коёт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала Курман деген чарчы бойлуу келген далылуу, көздөрү кутурган иттей алактап, кан жая берүүчүдөй кыпкызыл бетинен митаамдыгы ташып турган, тириде жок тентек, шок жигит. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эби жок кармап алсам керек, жаңкы жерге барып, эми төгөйүн деп жатсам, мөөндүн бир учу жылмышып кетип, жыңайлак балтырыма былжыраган бирдеме жая берди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Аларды көрүп биздин солдат ишти токтото коюп, алдынан утур чыгып, биздин көңүлүбүздү жайлап коркунучтан коргоп турган кишинин сыпатын бергендей алар менен жаяктап сүйлөшө кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →