жашык

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Абдан арык, даамы жок, супсак (эт жөнүндө).
  2. Болор-болбос нерсеге мууну бошоп кетүүчү кайратсыз.
  3. Өтүмү жок, тартынчаак, өтүмсүз.
  4. Жумшак, ийилчээк, курч эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жылгындуу кеңкол Таласы, / Асман ачык, жер бүркөк, / Алда кандай болот деп, / Адамдын баары дүркүрөп, / Жүрөгү тайкы кишинин, / Сийдиги агып бүркүрөп, / Жашыктар ыйлап бүлкүлдөп, / Мен мыктымын дегендер, / Найзасын кармап тура албай, / Токтобой колу сүлкүлдөп, / Тоо токтобой жаңырып, / Кайберендин баарысы, / Акылынан жа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үңкүрдүн кара капчыгай, / Анда чыгат чыт ыргай, / Ыргайдын түзүн кыйдырып, / Ыктуусун күнүгө жыйдырып, / Көлөкөдө кургатып, / Жарыгы жоктон шыпшатып: / Катуулугу ыргайдын, / Адам өлчөөр эме эмес, / Жашык-жушук темирден, / Каткан ыргай кем эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жайылып аккан жерлерге, / Жар туруштук бере албай, / Жашык адам жанына, / Жакындап барып тура албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Өзү сөлдөйгөн, узун бойлуу, көзү жашык, жүүнү бош гана жыйырма курактарда пыштайган сары жигит. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Нечен күн, нечен түн жол жүрүп, каны калып бир кашык, эти калып көк жашык, буту серпилбей калганда бир караан көрүнөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →