жашы

китептерде 363 жолу, 10 китепте
  1. Мууну бошоп ыйлагысы келүү, зээни кейүүдөн, толкундоодон ж.б. мууну бошоп кетүү, ыйлап жибере жаздоо, көзүнө жаш алуу.
  2. Оорудан, арыктоодон, катуу кыйналуудан ж.б. эти бошоо, жумшаруу, бошоң тартуу, бөлбүрөк абалга келүү.
  3. Даамы кетип, супсак болуп калуу (көбүнчө жашык этке карата).
  4. Мурдагы кайратынан, курчунан ж.б. кайтуу, бошоңдоп калуу.
  5. Отко салып ысытуудан улам мурдагы катуу абалынан жумшарган, ийилчээк абалга келүү (көбүнчө металлдарга карата).
  6. Курчтук сапатынан ажырап, майышчаак, өткүрлүгү жоголгон абалга келүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Отузга жашы жетелек, / Опсуз баатыр эр эле, / Өлүп кетти баатыр! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…бак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / Сомбилектен Чигитей, / Тукумсуз жанды кейитти… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Малды ээрчип кетпеди, / Жашы бышты болгунча, / Даакы жүнү түшпөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда туруп мен айттым: / — Андай болсо, агалар, / Сейитек биздин ханыбыз, / Жыргап калдык баарыбыз, / Жашы менен карыбыз, / Силер жатып тургула, / Биз кабарга баралык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жашы кырктардан ашык эмес. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →