жашта
- Көзүнөн жаш чыгаруу, көзүнө жаш алуу, жашын агызуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бойго жеткен кыздарын, / Талпак кылып тебелеп, / Ак чач болгон кемпирди, / Ары-бери сүйрөлөп, / Орто жашта жубанды, / Билгенин кылып буларды, / Уландын баарын сойуптур, / Карынын көзүн ойуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сейити өтүп кетиптир, / Күн батыштын жети дөө, / Он төрт жашта тең болуп, / Дөөнүн баары кыйраган, / Арбагы мындан кем болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
- / Хан жардыгы тура албай, / Мойнун эч ким бура албай, / Эсенхан, эгер оңбо, деп, / Эгерде эки болбо, деп, / Кара аскер менен калың журт, / Көзүн жаштап кай бирөө, / Аткаралы жарлыкты, / Асылганы көпүрө, / Ачууланган нечени, / Айтты мындай көрүнөө: / — Чантуу келсе шаар алат, / Ага кошуп мал алат, / Тартуу берс…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үч жашка чыккан кезинде, / Тун кызын алды Шукшур дөө, / Экинчи кызын бир жашта, / Тартып кетти ушул дөө, / Андан кийин тууганын, / Арадан кырк өткөрбөй, / Алып кетип туруптур, / Жылда тууса, жылда жок, / Кайыпчал менен катыны, / Куу бөрүдөй улуптур, / Жетинчи бала тууларда, / Акыл ойлоп туруптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аксакалдуу карысы, / Орто жашта баарысы, / Аа деп оозун ача албай, / Апкаарыды баарысы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →