жаша
- Өмүр сүрүү, тирүүлүктө болуу, өмүр жолун улантуу, белгилүү бир жашка чыгуу.
- Жок болуп кетпөө, өсө берүү, өсүп-өнүгүү.
- Унутулбоо, сакталып калуу.
- Белгилүү бир жерде туруп калуу, турмуш-тиричилигин өткөрүү.
- Жаша, жашасын формаларында. Ийгиликтерге жетишүүсүнө, гүлдөп өнүгүшүнө тилектеш экендигин билдирүү, куттуктоо, алкоо, даңазалоо, ураан чакыруу маанисинде колдонулат.
- жашабагыр формасында. «Жарыбагыр, оңбогур, узабагыр» деген сыяктуу тилдөө, жемелөө маанисинде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манастан бери карата, / Мына бу турган буруттун, / Барбаган жери калбады, / Барган жерин соо койбой, / Баатырдын баарын жалмады, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн өңдүү чоң дөөнүн, / Сууруп тилин жеп алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дөөлөр качып кутулбай, / Башканы койдум бей арман, / Сегиз миң жыл жашаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сегиз миң жыл жашаган, / Адам ойлоп тапкысыз, / Нечен ишти жасаган, / Кутулбады Жүйрүн дөө, / Керк көтөрбөй, пил минбей, / Антип жүргөн нечен дөө, / Кутула албай баарысы, / Колунан кетип намысы, / Кучагын жайып кулачтап, / Жерди жыттап калышы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кытайдын эмки баатырын, / Жашаган жерин сурасаң, / Сазаң деген жер экен, / Кыл баатыры кытайдын, / Ошондон келген эр экен, / Өкүмү артык болбосо, / Өңкөй баатыр чогулса, / Жалгыз менмин дейт бекен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ошондон кийин эки эл бир нече кылымдар тынч жашап калган экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →