жат3
- Горизонталдык абалда болуу, бир нерсенин үстүнө тикесинен турбастан узунунан түшкөндөй, боортоктогондой, же жыгылгандай абалда болуу (адам же башка жаныбарлар жөнүндө).
- Белгилүү бир жерде, орунда болуу, бар экендиги белгилүү болуу.
- Кандайдыр бир жерде, жайда болуу, бар экендиги белгиленүү, белгилүү бир абалда, жагдайда болуу.
- Жапырылуу, жыгылып, ыгып калуу.
- Түнөө, конуу, конуп-түнөп бир жерде болуу.
- Уктоо, уйкуга баш коюу.
- Таандык болуу, тиешелүү болуу.
- Атоочтук жаткан формасында аныктооч болуп түшкөндө «барып турган», «абдан», «жеткен», «ашкан» деген мааниде колдонулат.
- Негизги этиштер менен бирге айтылып, татаал этиштерди уюштуруучу көмөкчү этиш катарында колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сурады каалап сур тайды, / Албады андан башкамды, / Сурап жатып тайды алып, / Эмеле Жакып аттанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Таманын тилип тепчилип, / Сууга келет акактап, / Тили карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине муну жаткырбай, / Таштар кулап калдырап, / Качып чыгат алдырап, / Айылга келет жылаңач, / Иттер келет такымдап, / “Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, / Катыны элек бир эрдин, / Мени карап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошенткенде Жапарбек экөөбүз аны кармап алып, күркүрөп жаткан сууга келип уруп жибердик эле, кулачтап алып жөнөдү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Анда баягы кемпир: "Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат", – деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →