жатта
- Текстти, айтылган сөздү, ырды ж.б. ошол түрүндө эсинде толук сактап калуу, жат айтып бере алгыдай болуп эсинде сактоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мен кат билбеген кара түрк, / Унутуп калам кокус, деп, / Он сыйра айтып жаттадым, / Сага кандай айтам, деп, / Кирпигимди какпадым, / Ошондо угуп жүрөмүн, / Бул үчөөнүн чогулуп, / Бир масилет тапканын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тоодой бойуң бир барча, / Алпым барсың бир канча, / Айарым барсың сыйкырчы, / Жакшылап жатта сыйкырды, / Менден кабар болгондо, / Айткандай кылгын кыргызды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дөө уулунан кеп угуп, / Түпкө жетер Сулаймат, / Түпкүлүктүү кеп айтат: / — Акылы артык дөө уулу, / Калбады менин арманым, / Кабарын айтам далайдын, / Каттай жаттап сен алгын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Өткөндөрдүн аттарын, / Жаттадыңбы сен бала?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Кыргыздын жайын жакшылап жаттаган!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →