жасат1

китептерде 48 жолу, 9 китепте
  1. Дене, келбет, бүткөн бой.
  2. Сөөк, өлүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Малын алып пул кылып, / Азаматын кул кылып, / Катын-кызын күң кылып, / Бузуп кеткен экөөнү, / Жасатайын бүтүрүп, / Ойлогонум ал эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жасатыңды найзага, / Илип алып, Кененим, / Дабытайга барбасам, / Талана атым курусун, / Алтын жака асыл тон, / Сыйлыгымы албасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алдындагы Карасуу, / Аскадан түшпөй шар аккан, / Тоону койуп түбүнө, / Тактайдан кынап жасаткан, / Оозунан ылдый агызган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Мындан башка жумушка кирүүнүн ордуна элдин көбү жоого аттанчуудай ат жаратып минип, ээр токумун жабдып, айбалта, найза жасатып, күн-тун дебей чакылдатып, усталарды узантып жаткан сыяктуу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жагалым алтындан көмүркөй жасатып, карындашын ошого салып коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →