жасалгалуу

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Жасалгасы мыкты, кооздолгон, жабдылган, жасалгаланган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Он жети кабат кызыл там, / Жасалгалуу сарай бар, / Ал сарайдын ичинде, / Теңдеши жок кудай бар, / Кудайдын ишин кылуучу, / Адамдын арзын угуучу, / Узун чапан лаама бар, / Кудайга башын урууга, / Мо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Зордук менен алат, деп, / Зомбулукту салат, деп, / Коркуп турган ал кыздар, / Калыс экен кыргыз, деп, / Кыткылыктап күлүшүп, / Кыйалында жаратып, / Каалаган эрге тийишип, / Жасалгалуу кыздардан, / Жалгыз бирөө калбады, / Жаман киши албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Дайар турган кырк жигит, / Атын алып Ажыңдын, / Жасалгалуу сарайга, / Ажыкеңди киргизип, / Аш-тамагын бергизип, / Тай семизин жыгышып, / Жакшылап конок кылышып, / Суусунга арак куйушуп, / Кош колдоп барын сунушуп, / Тынч жаткырды Ажыңды, / Уйкусун баса кандырды, / Таң бозоруп сүргөндө, / Көзү чайыттай ачылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муруту чыгып келе аткан, / Керилген жаадай улан көп, / Атка бергис кунан көп, / Кызга бергис жубан көп, / Жасалгалуу үйү көп, / Салтанаттын түрү көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жасалгалуу кырк эки үй, / Жанына тикти чатырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →