жаса

китептерде 151 жолу, 10 китепте
  1. Кандайдыр бир жумушту иштөө, бүтүрүү, бир нерсени же бир буюмду иштеп чыгаруу, даярдоо.
  2. Бышыруу, ичүүгө же жегенге бир нерселерди даярдоо.
  3. Жаратуу, пайда кылуу.
  4. Жасалгалоо, кооздоп, иреттеп коюу.
  5. Кандайдыр бир иш процессинин, кыймыл-аракеттин ж.б. аткарылышын, жүзөгө ашырылышын, уюштурулушун билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Табарсыктын башына, / Таамай муштап өттү эле, / Камгактай учуп Чолпонбай, / Капкайда барып түштү эле, / Жер тайанып делдейип, / Бойун жасап керилип, / Өлүп кетти Чолпонбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…гу кечпейби, / Мага окшогон ойонуң, / Булут минип жүрсө да, / Оодарылып кетпейби, / Оо дүйнөгө жетпейби, / Аллам берсем сыймыкты, / Алдымдагы Айманбоз, / Канат жасап учпайбы, / Кашымдагы эр Сыргак, / Кашкайган сулуу куштайбы, - / Алмамбет баатыр ичинде, / Кудай бардыр Чубак, дейт, / Куйундаган чунак, дейт, / Аккуланын жогун… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Керүүдө төөлөр дардайып, / Адырда кулжа калдайып, / Бугулар чыгып токойдон, / Мүйүздөрү тарбайып; / Бой жасап тоолор зымырап, / Адырда малдар жыбырап, / Жан-жаныбар быжырап, / Тирүүнүн баары кыбырап; / Мен каламбы дегенсип, / Жалбырактар дырылдап, / Тескейдеги карагай,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анысы аз келгенсип, макул болду деп биздин сыртыбыздан приговор жасап, он жетини он тогуз кылып, кыркты отуз кылып каттап берип отурасыңар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир күнү Султаналы баласына той берип шаардын падышасын вазирлери менен чакырып ааламда жок даамдарды тасторкон жасап, аябай тан калтырды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →