жар4

китептерде 749 жолу, 10 китепте жар 1 →жар 2 →жар 3 →
  1. Жыгачты, кандайдыр бир башка нерселерди бөлө чаап ажыратуу, жаракалоо, чаап, уруп бөлүктөргө бөлүү.
  2. Айыра чабуу, айрылган, тилинген абалга келтирүү, Тоголотуп тепкилеп, Жара чапкын бетти деп (Тоголок Молдо).
  3. Талкалоо, жарылуучу заттарды колдонуу менен бузуу, кыйратуу.
  4. Дал ортосунан бөлүп кирүү, аралап өтүү.
  5. Абдан белгилүү болуу, кеңири тароо (көбүнчө атак-даңк жөнүндө).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Колуна тийген кыргыздын, / Бооз катынын жарыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эзелден элдин макалы: / “Эли сүйгөн эр өлбөйт, / Эр жетилткен эл өлбөйт, / Өлсө дагы арбагын, / Тирүү сыйлап жар салып, / Эли эстеп өлтүрбөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
да албайт Кененим, / Малым менен шаарымды, / Бекер өлүп кеткинче, / Таласка жетип барайын, / Колбуп жаткан кыргызды, / Койдой кесип баштарын, / Коондой кардын жарайын, / Манастан калган коргонун, / Койбой такыр чагайын, / Талкалайын күмбөзүн, / Күйгүзөйүн ичтерин, / Деп ойлонуп арамкор, / Тополоң түшкөн тоз жакта, / Жердин б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Байлоодогу балбандар, / Басташкан элди жаргандан, / Экөө келип капташты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Иттер келип такымдап, / Жырып кетти эттерин, / Караган-бута, токойлор, / Жарып кетти беттерин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →