жары2

китептерде 68 жолу, 9 китепте
  1. Кандайдыр бир нерсеге жетишип, кенелип калуу, жетиштүү болуу, марып иши оңоло баштоо, мүчүлүш болбоо, колунда бар болуу.
  2. Жарыбагыр формасында. Көбүнчө өзүнөн кичүүлөргө же балдарга карата «оңбогур, жакшылык көрбөгүр» деген мааниде айтылат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…аны, / Чанданды көргөн Чакмакташ, / Андестиги кармады, / Кисепчеден жаңдата, / Күрөөкөсүн көтөрө, / Кара санга сайганы, / Найзанын учу жетиптир, / Узундугу төш жары / Этин тилип кетиптир, / Кара сандан кан агып, / Арыкта суудай шар агып, / Жандап өттү Чакмакташ, / Жана санга бир сайып, / Тоодой болгон Сазандан, / Эки санда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген эрди көр, / Койнунан колун чыгарып, / Аттан деди Алмамбет, / Аскердин алд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Укканым чын, жалган жок, / Үмүт үзбө жарыңан, / Жарыңды колдон алдырып, / Баралбадың артынан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Караңгыны жарыткан, / Асмандагы ай урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кышында жолчулар түн баласында жарытып уйку көрбөйт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →