жарты
- Бүтүн эмес, толук эмес, жарым, бир бүтүндү экиге бөлгөндөгү бир бөлүгү, теңи.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чачынан байлап аскандай, / Кебетеси, кешпири, / Сын-сыпаты баарысы, / Дал адамдын башындай, / Мөмөлүү жыгач чер көрдү, / Кылыч менен жара чаап, / Эки бөлүп койгондой, / Жарты адамды көп көрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…үркүрөп, / Уккан кепке ачынып, / Көзүнөн жалын от жанып, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Сакалдары байпаңдап, / Чылбырдай болуп чубалып, / Саамай чачы салбаңдап, / Жарты көлдөй жылтырап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Арбашып жаткан жыландай, / Ээрди-мурдун жаланып, / Найзасынын учунан, / Кере кулач от жанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сүт катыктап чай койду, / Каймакка бышкан токочтон, / Чагы менен жай койду, / Жарты киши тойгундай, / Керткен казы-жал койду, / Жатар ашы балдардын, / Ошол эле болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Жарты күн турса Айчүрөк, / Тынч алып уктай албады, / Жалгыз уулу Сейитек, / Козголгондо кокуй деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Айтыш жарты сааттай созулду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →