жарма1
- Ысык сууга талканды чалып, кайнатып жасаган суусундук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…е кымыз, чай дешип, / Табакка салып бал жешип, / Каймакка салып нан жешип, / Козу ордуна тай жешип, / Казы кертип, жал жешип, / Кымыз куйган сабаага, / Кышында жарма ачытып, / Эки тарап бөлүнүп, / Мөөрөйгө чүкө атышып, / Кымыздан тарткан аракты, / Кыйгылдуу даамын татышып, / Келин-кыз эки бөлүнүп, / Селкинчегин тебишип, / Ы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баланча жакшы эле, деп, / Айтып калат атыңды, / Элиңдин тузун актасаң, / Жармагын жатка чыгарбай, / Жаныңдай аман сактасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шейит деп атын аташты, / Жаназа намаз кепинсиз, / Жарма көргө жайлашты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Капакка салган бал берип, / Каймакка бышкан нан берип, / Экчеме жарма ачкылдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Өз убалы өзүнө...— деп коюп, кайра басып челектен жарма куйду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →