жаркы
- Жарык чачуу, нур берүү, жаркыроо.
- Жадырап-жайнаган жайдары мүнөздө болуу, көңүлү ачылуу, жаркылдаган шат көңүлдө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жоодар алды найзасын, / Кайрат кылып тырпаңдап, / Ак сакалын жаркытып, / Жааган кардай барпаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аксакалы жаркыган, / Абакесин тааныды, / Абадан башка кеби жок, / Алдырып Сыргак наалыды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Байкап турса Карадөө, / Башын салып аскада, / Ортодо чыкты бир адам, / Тигилип тиктеп караган, / Акылынан жаңылган, / Тиштери аппак жаркыган, / Айдай беттен нур тамган, / Бар сайманы алтындан, / Күн чагылып жаркыган, / Тик багып адам көрө албайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Уларбоз атын аргытып, / Ак сакалын жаркытып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Санаасы бирге талапташ, / Олуйа Кошой кары өткөн, / Айдай бети жаркыган, / Айткан кеп балдай татыган, / Акылман Бакай дагы өткөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →