жарк
- Жарыктын, нурдун таралышын, чагылышын же кандайдыр бир өңдүнтүстүн чагылышкан сыяктуу болуп жалт-жулт этишин, жаркылдап тез көрүнө калышын билдирүүдө колдонулат.
- Кандайдыр бир окуянын, кубулуштун тез, ылдам боло калышын, кескин түрдө жана айкын көрүнүшүн билдирүүдө колдонулат.
- Жаркылдаган жайдары мүнөздү, шаттыкты билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
жылтылдап, / Алдындагы сур атты, / Жыландай сойлоп кылтылдап, / Хан Калдыкка чаптырбай, / Чабар айла таптырбай, / Туман болуп көрүнүп, / Тунарыктан сөгүлүп, / Жарк дей түшүп ачылып, / Бекбачанын торуна, / Жеткендей болду асылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жылантору ат менен, / Кылычта кандуу дат менен, / Кыйкырыгы таш жарып, / Чигитей күндө топ бузат, / Чигитей үнүн укканда, / Жарылып жүрөк кубанат, / Жарк этип көзү ачылып, / Жана кайра тунарат, / Баатырдын үнүн укканда, / Баш көтөрүп суналат, / Угулбай үнү калганда, / Баштагыдан беш бетер, / Күндүн бети тунарат,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Как өпкөгө чиктешип, / Алгыр бүркүт кептенип, / Ирмебей көзүн тиктешип, / Найза учу жетерде, / Мылгып кирип кетерде, / Найзага найза каңк этип, / Учунда темир жарк этип, / Сайдырбастан найзаны, / Найза менен кагышып, / Бели катуу эрендер, / Адистигин таанытып, / Ителгидей айланып, / Баштакыдан беш бетер, / Огобетер каарда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бала жерге түшкөндө, / Жарк эткенсип дүнүйө, / Чөйрөдөгү турганга, / Укмуш болду көрүнөө:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күн жаркырап, жер бети, / Жалган түш болгон кездерде, / Тоо жарылып шаңк этип, / Чубап кыздар жөнөдү, / Шоолаланып жарк этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →