жарды

китептерде 53 жолу, 9 китепте
  1. Турмуш ал-абалы начар, колунда жок, кедей, жармач.
  2. Кандайдыр бир жетишсиздик жагы бар, кемчил, начар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Айры өркөчтүү лөгү бар, / Жону туйук нары бар, / Төрт түлүк малдын баары бар, / Алтымыш уруу алашта, / Артыкча кыргыз, казакта, / Жардысы жок баары бай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Мабу бөлүп алган сегизди – / Агарбас кара доңузду, / Талкаламак күмбөздү, / Түз кылабыз деп, келди, / Өткөн жылы сел келип, / Күмбөздүн өөдө жагынан, / Имерип жарды жеп келди, / Сегизи балбан эр экен, / Телегейи тең экен, / Суу жегисиз, сел алгыс, / Бүтөп берип ал жерди, / Кетсе болор, Ырыскан, / Кан ичүүнү каалабайым, / Б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
- / Хан жардыгы тура албай, / Мойнун эч ким бура албай, / Эсенхан, эгер оңбо, деп, / Эгерде эки болбо, деп, / Кара аскер менен калың журт, / Көзүн жаштап кай бирөө, / Аткаралы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…р, / Жалгыз менмин дегендер, / Пейли суудан кенендер, / Канча бааша, канча хан, / Жер бетинде жаралган, / Дүйнөдөн өттү тамам жан, / Кара болсун, хан болсун, / Жарды болсун, бай болсун, / Ачка болсун, ток болсун, / Дүмпөр болсун, шок болсун, / Колу жок болсун чолоңдоп, / Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Падышанын адил жардыгына каршы болгон ит, сени азыр мен эмне кылып жиберейин? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →