жарда1

китептерде 38 жолу, 8 китепте
  1. Элге жарыя кылуу, көпчүлүккө угузуу, айтуу, жар салуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тору атты иттер жарганда, / Кармайбыз деп тор кармап, / Алты миң балбан жардады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мадана менен Мадыбек, / Мыкты болсо Чигитей, / Бошотуп сени алсын, деп, / Мойнунан талга байлатып, / Жылаң айак, жылаң баш, / Жаш балдарга айдатып, / Карагандын барысын, / Таң калтырып жардатып, / Тигинтип келе жаткамын, / Алардын өңүн саргартып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айткан кепке болбосоң, / Арманың ичте калбасын, / Айанбастан камдангын, / Камың бүтүн болгончо, / Камаарабай мен бармын, / Кагышар болсоң бел байлап, / Аркаңда аскер жардасын, / Ачакан менен Саламат, / Ажырап андан сен калдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Айылды карай жөнөдү, / Аттанып булар чубуруп, / Келатат деп эл угушуп, / Жардап карап турушту, / Короого чыгып чогулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…рат санаасы, / Күн тийгендей жарк этип, / Айкөл шердин баласы, / Айткан кебин карачы: / — Төкпөй-чачпай кебимди, / Айтып баргын, арачы / Тапан хандай бегиңе, / Жардап турган элиңе, / Кырк күн бердим мөөнөттү, / Ханың турса кебине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →