жарат2

китептерде 76 жолу, 10 китепте
  1. Кандайдыр бир нерсени, имарат же буюмду, чыгармачылык эмгекти ж.б. пайда кылуу, түзүп, жасап же иштеп чыгаруу, дүйнөгө келтирүү.
  2. Жактыруу, жарамдуу деп табуу, жарактуу, таламга туура келгидей деп эсептөө.
  3. Керектөө, керек кылуу, бир нерсеге керектеп жумшоо.
  4. Атоочтук формада: жараткан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айлантып суусун чачтырып, / Садагасын чаптырып, / Сарыбашыл койун мууздатып, / Кембагалга уучтатып, / Сарыбашыл уйун талатып, / Жыйылып келип топтолгон, / Жашы-жалаңы, кары-жаш, / Баатыр эрди карашып, / Эки айактуу жумур баш, / Көргөндүн баары жаратып, / Чолпондой жүзү нурланган, / Чоктой көзү кызарган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ойноп айтсаң ойлой айт, / Тилимди алсаң экөөңөр, / Ушул жерден кайра тарт, / Кененимге кездешсең, / Койдой кезет башыңды, / Коондой жарат ичиңди, / Ачып көздү жумганча, / Бүтүрүп койот ишиңди, / Сындырат бүктөп белиңди, / Шыпырат аттан ээриңди, / Жетим кылат балаңды, / Жесир кылат алганды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…йын айтайын, / Бузулбасын эти деп, / Так башына аткамын, / Түшө калып мууздагын, / Күрөөнүн кызыл кандарын, / Мен бутума сыйпайын, / Аккулжадан аккан кан, / Ар жаратка дары деп, / Жүйрүн дөөдөн укканмын, / Анда Бакай турабы, / Атынан түшүп мууздады, / Алмамбеттин жарага, / Канын шыбай таштады, / Каны кургап катканча, / Алакең… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кардымды канчык жарат деп, / Ойлойт белең Сарыбай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алдындагы Кара атты, / Найдай кылып жаратып, / Асман, көктү каратып, / Көргөн жанды жадатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →