жарам
- Бир нерсеге керек болгондук, жарай ала тургандык, жарактуулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жол бойуна жарам, деп, / Атына камчы басканы, / Кайран Жоодар шашканы, / Кылкараны койгулап, / Сойодой болуп качканы, / Кош кезек деген Мойнокту, / Катары менен ашканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…до Жолой күүлөнөт, / Өз алдынча сүйлөнөт: / — Эсен ханга алып барам, / Эрендиктен жар салам, / Көрсөтүп туруп көзүнө, / Эр Төштүктү далбайтып, / Ошол жерде мен жарам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…жүргөмүн, / Кулетен менен Шооруктун, / Кендирбай менен Дөөкандын, / Куда экенин билбедим, / Билип туруп булардын, / Кара санап тузуна, / Кара каска сийбедим, / Жарам зилдеп ооруду, / Жай бербей ажал тооруду, / Үзүлбөй турган окшонот, / Коңурбайдын боолугу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Жарамдын жайы эң жаман, / Болду үйгө кайтканы, — деп, / Кайран шерди Каныкей, / Алып кетти жетелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Абаң семей аттанып, / Беттеп чыкты бетбакка, / Тай буурул менен шаңданып, / Кутургур келди күүлөнүп, / Ойду-дөңдү сүйлөнүп: / — Жарам жок менин сак болдум, / Семетей, бүгүн жоголдуң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →