жарак

китептерде 135 жолу, 9 китепте
  1. Жалпы эле ар кандай керектөөлөргө пайдаланылуучу курал-шайман, жабдык.
  2. Согуштук куралдар, жоого каршы колдонулуучу курал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Колуна жарак алгыча, / Үзөңгүгө тамандап, / Кобо калып Бекбача, / Төбөгө тартып жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…оңузга - / Кол салышсам ушуга, / Өйүз-бүйүз бөксөдө, / Эркин жаткан элдерге, / Эмгеги катуу болот го, / Баш-аламан барсылдак, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Кагышып жарак карсылдап, / Кандай заман болот, деп, / Калың журт турса кан какшап: / Коктуларда топ болсо, / Коркуп балдар боздосо, / Эркин басып бээ саабай, / Керилген кели… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп күркүрөп бакырып, / Кырк алты шаар Коросон, / Кырк алты киши чаптырып, / “Казык киндик калбасын, / Келбей жатып албасын / Келген киши жөн келбей, / Үчтөн жарак кармасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ар жаракка көнүгүн, / Абыдан тандап бөлүп ал, / Канча түркүм боло алсаң, / Душманга тийер көркүң ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сурады — деп, — саткынга, / Калтырбай жарак бут бердим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →