жапыр
- Жерди карай ийүү, жыгуу, жапшыруу (көбүнчө өсүмдүктөргө ж.б. карата).
- Майтаруу, кайруу (көбүнчө миздүү нерселерге карата).
- өт. Кайра кайруу, кайра кайтаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ашырабы Таласка, / Бала жолборс жеткени, / Бар кайратын ашырып, / Манастап ураан чакырып, / Желегин жерге жапырып, / Жетик тууган эр неме, / Бек кайгырып ачынып, / Аралап асыл киргенде, / Жүрөгү өлгөн нечен жол, / Жедигер, испан, коросон, / Жайнай берди чачылып, / Арасы ач…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ач кыйкырык - куу сүрөөн, / Арстандын атын чакырып: / “Үстүртөн тийсем качырып, / Төбөдөн ылдый жапырып, / Далайы өлөр бей арман, / Эрлерин албай элин чаап, / Антип жүрүп жоо алган, / Ошол эрге эң жаман.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Туулгасын башка чөмөрүп, / Өчөшкөн доңуз көгөрүп, / Каңгайлап ураан чакырып, / Кайраты көптү жапырып, / Майданга келди лакыйып, / Калың кыргыз калкынан, / Кененим чыкты бастырып, / Жаалысы келип жүзүнө, / Баатырдын уулу чунактын, / Жан багалбай түсүнө, / Бир сары тон жамынып, / Күрөөкөнүн үстүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…алаң төөң миң болду, / Жалпыга дайын дүң болду, - / Арак ичкен мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / Андан кийин акырды, / Араң турган бектерге, / Айтып кебин жапырды: / — Бергени болсо албайбы, / Мени камап олтурбай, / Белгисиз жолго салбайбы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жапырып барың калбастан, / Жабыла атка мингиле, / Аламан басып ат койуп, / Таласты карай жүргүлө!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →