жапыз

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Бийиктиги жагынан ортодон төмөн, бою жагынан жапалдаш.
  2. Көтөрүңкү эмес, катуу эмес, жай гана, акырын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кабагы кашат жапыздай, / Эки көзү бултуйуп, / Жаңы чыккан тарбыздай, / Айдаары аттын жалындай, / Учкун учуп от чыгып, / Көзү кызыл жалындай, / Асылдын атын укканда, / Алдында атын к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чыга калса капыстан, / Үстү кашат жапыздан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Өзүн карасам: чапанынын оң колтугу менен этеги жыртык, жапырайган жаман тебетейи бар, маңы жапыз, сөзгө жарды, жанга жазыгы жок момураган бир бечара. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →