жапжалгыз

китептерде 12 жолу, 7 китепте
  1. Бирөө гана, башка эч ким эч нерсе жок жалгыз, өзү гана.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Барган менен биздерге, / Келбеди өзү Кененим, / Жибериптир жапжалгыз, / Асылбача дегенин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Байлоодо балбан алтымыш, / Сен турасың жапжалгыз, / Алтымышын он бештен, / Ар ишке салам кандайсың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…налап, / Шабырга бойун далдалап, / Жашырынып калган бейм, / Былк этпей жатып калган бейм, / Эрлиги бирдей замандаш, / Тилимди алсаң курбалдаш, / Сүмбөдөй болуп жапжалгыз, / Ыргалып турат бир камыш, / Калганынан көзүмө, / Караандуу турат көрүүгө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мылтыктын үнү басылып, / Үстүнөн туман жазылып, / Баткак кургап, муз эрип, / Тоо түзөлүп суу кургап, / Эр Сейити жолу ачык, / Өзү калды жапжалгыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сейтек менен Карадөө, / Катар келип калганы, / Семетейди жетелеп, / Карадөө жолго салганы, / Сейитекке Кутургур, / Мына бу кепти кылганы: / — Ой, Сейитек, Сейитек, / Сен үч киши мен бир баш, / Теңдешип жүрөм жапжалгыз, / Менин атым Кутургур, / Коркпойум, билип калыңыз! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →