жапаа
- Кыйналуу, жапа чегүү, ыза болуу.
- Жүзү каралык, жаман ойлуулук, арамзалык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манжуулардын балбаны, / Бастырып жөнөп калганы, / Эки бети томпогой, / Туурасы жоон кортогой, / Узун эмес, кыска эмес, / Өлчөгөндөй орто бой, / Токойдон чыга калгандай, / Жапаа каман түрү бар, / Жан алуучу сүрү бар, / Эки беттин отунда, / Бир байпактын жүнү бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жалганын-чынын билүүгө, / Жайын айтып үй-жайдын, / Мадананы жумшады: / — Мадана ага, бар, — деди, / Мен айтамын далай кеп, / Чыгарбай эске ал, — деди, / Эңиш тартып, жол басып, / Маңдайдан шордоп тер агып, / Көп жапаа менен барасың, / Бадырайга дандуу үй, / Айылды көрүп табарсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Уңгусу болот, учу курч, / Учуна салды кара курч, / Айтканымдай кылам деп, / Чиркейдин тумшугунан курады, / Жапаа чочко мегежин, / Сийдигине сугарды, / Тийе турган жерине, / Бөрү тилме чыгарды, / Бүткүл барлык темири, / Ак болоттун кыймасы, / Саптаган жыгач найзага, / Ак к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жапаасын көрүп канкордун, / Семетей туруп албады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ар санааны Сомбилек, / Ар тараптан ойлоду: / “Жумуру башта мендейди, / Жапаага жасап койгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →