жан1

китептерде 2837 жолу, 10 китепте жан 2 →жан 3 →жан 4 →
  1. Тың, тирүүлүктүн белгиси, материалдуу (эт) дененин биологиялык, физиологиялык, психологиялык активдеги ишмердиги.
  2. Киши, адам.
  3. Эркелете айтуу, сүймөнчүлүгүн билдирүү иретинде колдонулат.
  4. 1-жактын таандык мүчөсү улануу менен жаным формасында. Жалынып-жалбаргандыгын, эркелеткендигин, жакшы көргөндүгүн билдирүү иретинде же сүйгөнүм деген мааниде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / Сомбилектен Чигитей, / Тукумсуз жанды кейитти, / Эстесек тартып кейишти, / Эт жүрөктү эритти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аркамды карап көп жүрдүм, / Ак ышкын терип жеп жүрдүм, / Айаш атам иш билги, / Айдаркан кыйбайт деп жүрдүм: / Көт жагым карап көп жүрдүм, / Көк ышкын терип жеп жүрдүм, / Жан кыйышпас дос элек, / Көкчө кыйбайт деп жүрдүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аарынын баары чогулат, / Кара чымын комоктоп, / Кескелдирик, көк кене, / Бөйөн, көгөн, дагы бар, / Чагуучу жандын баары бар, / Чачыкей жайы ушундай, / Деп бүтүрдү бар кебин, / Кайтарып жүргөн Сетертай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Осы алты айдан бери авыл отырып бири-биримиздин үйимизге кирип көргөн жан эмеспиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Мен баласызга бала болоюн, ботосузга бото болоюн деп жүргөн жанмын, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →