жаны

китептерде 572 жолу, 10 китепте
  1. Сылай сүртүү, колу менен сылоо.
  2. Кандайдыр бир нерсенин жанын сыйпап өтүү, жанына тийип өтүү, сылап өтүү, кичине тийип өтүү.
  3. Ыргытылган таяк Асандын калпагын жанып өттү («Ала-Тоо»).
  4. Көбүнчө устара, бычак өңдүүлөрдү курчутуу максатында кайыш курга, бүлөөгө ж.б. тийгизе сүрүү, аркы-терки сүргүлөп курчутуу.
  5. Ашым курун чече коюп, устарасын жанып-жанып алды («Ала-Тоо»).
  6. Көзүнүн кыйыгы менен карап өтүү, акырын көз чаптыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…анды суудай агызып, / Баш- аламан кылат, — деп, / Кылычтап башты кыйат, — деп, / Баарыбызды кырат, деп, / Жыпжылма түптүз кылат” деп, / Коросондун элдери, / Өз жанынын камын жеп, / Убайым тартып сарсана, / Упурак болуп турганда, / Бурулбастан Кененим, / Коросондун коргонго, / Падышалык ордого, / Тепчий сайды соотунан, / Дарба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алакеңдин жанына, / Ашыгып Серек келгени, / Эмгичекти элдерге, / Айтылып калды эрмеги: / — Баш кишибиз Алмамбет, / Мен айтамын саа бир кеп, / Молдоңо айтып көрүңчү, / Катыңды окуп кара, деп, / Чакырып алып молдосун, / Катчы болгон жолдошун: / — Байматтын санын оку, — деп, / Болбосун жаздым кокус, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эркек киши болгондон, / Барбады бирөө жанына, / Кыңырак, канжар, кестигин, / Ташка кайрап алышып, / Кескилеп кирди тирүүлөй, / Катындын баары талашып, / Таразага салышып, / Тартып алтын алышып, / Өзөгү сак өлбөстөн, / Канчоро турат кайышып, / Кубалап чыкты аларды, / Гүлчоро, Бакай, Сейитек, / Талаадан келип калышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Сайга кире берген жерде, бир калың мүрзөнүн жанынан өтүп баратсам, Беккул арыктын боюнда, сууга нан чылап жеп отуруптур. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →