жанч

китептерде 9 жолу, 6 китепте
  1. Кандайдыр бир нерселерди майдалоо, талкалап күкүмдөө, ургулап былчыйтуу.
  2. өт. Аябай уруу, аябай таяктоо, талкалоо, былчылдата сабоо.
  3. Катуу урунду болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өңүңдө көрсөң жыланды, / Тирүү койбой жанч деген, / Түшүңдө көрсөң жыланды, / Табылбаган кенч деген, / Адал жубай Акмаңдай, / Мага көргөн түш экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кишинин өтүн куйушуп, / Кайнатма кара тыгышып, / Кырма кызыл чабышып, / Азизди жанчып таңышып, / Санаасын басты какандык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүт тикенди жанчышып, / Жарасына чаптырды, / Кургатып суусун катырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эр көрбөгөн ээн журт, / Кезектешип сактабай, / Сөөгүн жанчып, канын бүрк! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бул сөз жаныма найза жанчкандай тийип: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →