жама2
- Кийим-кеченин ж.б. жыртылган, айрылган жерин тигүү, жамаачы салып тигүү, жыртык-тешикке жамаачы коюп бүтөө, жамаачылоо.
- Сөздү же ырды уйкаштырып, биринин артынан бирин куюлуштуруп айтуу, кураштыруу, жамактатуу.
- өт. Жармаштыруу, жабыштырып тагуу, таңуулоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Батак айтып бар кебин, / Бардап көзүн жаштады, / Жамап-жалгап айтпады, / Жашырбай чынын айтканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Суратыптыр Акбалта, / Сөзсүз берет Буудайык, / Кийерге келет Ак олпок, / Бузулган жерин оңдоймун, / Үзүлгөн жерин улаймын, / Була салып булаймын, / Жыртылган жерин жамаймын, / Кыргагын алтын чордоймун, / Чыраш тартып сыртынан, / Жибек менен тордоймун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алы келбей Желмогуз, / Качып келип бул жерге, / Тапан ханга кыз болуп, / Саа тийемин мени ал, деп / Сейит менен урушсам, / Болуп бергин жардам, деп / Жамап айтып жалган кеп, / Биздин элди кырдырды, / Кымызга сууну куйдурду, / Кылчылдашып урушуп, / Кызыл каны чубурду, / Менден уксаң кеп ушул.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Уламадан укканды, / Учур бастан мен айтам, / Жашырбайын, жаппайын, / Жалганда болгон чынды айтам, / Акыл жетпей баш ооруйт, / Баштан айак чырды айтам, / Жалгандан жамап жазбайын, / Үйрөнүп алган ырды айтам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →