жалма

китептерде 122 жолу, 9 китепте
  1. Тамактануу, жеп жутуу, эч нерсе койбой ичүү, аймалоо.
  2. өт. Кыруу, жоюу, жоготуу, жок кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манастан бери карата, / Мына бу турган буруттун, / Барбаган жери калбады, / Барган жерин соо койбой, / Баатырдын баарын жалмады, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн өңдүү чоң дөөнүн, / Сууруп тилин жеп алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки чапсам уйат деп, / Дабытай карап турат, деп, / Оң жагына кылт этип, / Оңтойуна келтирип, / Жойкума менен он бешин, / Тобун бузбай жалмады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Канча катар тор салды, / Катары менен кыйратып, / Калың жерге жол салды, / Эрегишкен эки эрдин, / Ээ дээрге алын келтирбей, / Элине тирүү кетирбей, / Эбин таап жалмады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдынан тосуп найзалап, / Аралап кирип кылычтап, / Белден тосуп мылтыктап, / Жекелеп чыккан немесин, / Семетей менен кара дөө, / Жер жазтантып жалмады, / Алдына карай оозгонду, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Жебе менен жайлады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жедигердин жети уулун, / Жалматайын ал жерде, / Калың колун каптатып, / Айдатайын бул жерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →