жалаа

китептерде 16 жолу, 8 китепте
  1. Жалган жеринен бирөөгө коюлган күнөө, шылтоо, доо, жалган айып.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жыйын курба талаада, / Өөдүк-сөөдүк кеп айтып, / Жакын болбо жалаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көөдөнгө айтса сыйбаган, / Кургак жерден сөздү таап, / Ак кишини кара деп, / Арбыттың чырды жалаа жаап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Ханга жагып кетти – деп, / Билди кеңеш кепти” – деп, / Аз сандуу ордо адамы, / Ичтери көөп тарсайды, / Көрүнөө алы келе албай, / Көргөзүп кастык кыла албай, / Эч жеринен ойлонуп, / Кенедей өөн таба албай, / Намысты таштап ыргытып, / Жалаа жабат уйалбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Артыңа бизди сала кет, / Жаныңдан карыш айрылсак, / Биз калабыз балаага, / Кайра барсак ал жерге, / Капташабыз жалаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
– Бакбай балааңдан, жакпай жалааңдан - деп качып жөнөйт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →