жала

китептерде 63 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсени тилге тийгизүү, тилге жугузуу, тилге жугузуп тамактануу, жалмалоо.
  2. Тили менен сылоо, сыдыруу, аарчуу.
  3. өт. Тызылдатуу, кааруу (көбүнчө суук, шамал ж.б. карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кара дөөнү какшатып, / Жадыкөй катын, төрт уулун, / Катары менен сулатып, / Бөлүп берип мал-пулун, / Керкиттин элин кубантып, / Кызын алып Кылжыке, / Сулайматты жубантып, / Көк күмбөздү талкалап, / Жан жүрбөстүн Кызылкум, / Урушка чыгып чалкалап, / Жети дөөнүн баласын, / Түгөтө кырып кан жалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тилин салып акактап, / Суу ордуна кан жалап, / Өлүп жатат нечен жан, / Ачып- жуумп көздөрүн, / Солуп жатат нечен жан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Атасы кытай долусу, / Арзанга бүтпөйт жумушу, / Энеси жиндин жалабы, / Эңкейтип пенде алабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайраты артык Карадөө, / Чукул кирип келгенде, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Жалайак ооз кир кабак, / Чолок ээк, дөң маңдай, / Каржиликтен булчуңу, / Жүгүрүп жүргөн баладай, / Мойну жоон букуйуп, / Кысыр эмди танадай, / Жамынган темир тону жок,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Балдары майга карабай, / Келиндер каймак жалабай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →