жак1

китептерде 959 жолу, 10 китепте жак 2 →жак 3 →жак 4 →
  1. Тарап, багыт.
  2. грам. Сөз болуп жаткан тараптардын сүйлөөчү, тыңдоочу жана сөзгө катышпоочу болуп үч топко бөлүнүшүн билгизүүчү грамматикалык категория.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жүз үйлүүчө кыргызды, / Талап алып кетиптир, / Эгин эгип, жер айдап, / Элге жаккан жанайга, / Ушул кабар жетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жылкы окшобос бир жагы, / Быкта бакай, тик туйак, / Кууш көөдөн, шал кулак, / Чуркаса куйрук шодоңдоп, / Көзгө суук кодоңдоп, / Чынаача турду булуйуп, / Туу түбүнө бурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мени оозуна албайт, деп, / Көөнүнө албас энекем, / Мага берер билгини, / Талашпас менден эжекем, / Атанын жүзүн көрбөдүм, / Чоң энем менен чоң атам, / Бүгүн жүзүн мен көрдүм, / Бала кезден бер жакка, / Абакем Гүлүс көргөнүм, / Биле албайым абамдын, / Кандай кеңеш берерин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анда баягы кемпир: "Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат", – деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →