жакыр
- Абдан кедей, жарды, турмушу начар, оокат-тиричиликтен кысылган букара.
- сейр. Эч нерсе өспөгөн, такыр, кумдак, таштуу жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жакыр пери бай болду, / Жоксуздарга пул толду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дабытай турду муну айтып: / — Сен Саламат баатырсың, / Тил албаган жакырсың, / Сага айтпай мен кепти, / Сенден качан жашырдым?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Топко кирди жарылтып, / Кишинин баары элейген, / Тирүү туруп элейген, / Тил күрмөгөн киши жок, / Кими менен иши жок, / Кырк баатыр жүрөт бакырып, / «Манастап» ураан чакырып, / Кара кытай, калмакты, / Айдап жүрөт жакырып, / Эрен Чубак, Сыргактын, / Эсендигин көргөндө, / Айкөл Манас баатырдын, / Көөнү кетти ачылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жери какыр, эл жакыр, / Кыйынчылык шол экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Баштап алып баатырын, / Жанынан тойгон жакырын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →