жакын

китептерде 381 жолу, 10 китепте
  1. Ортодогу аралыгы жагынан алыс эмес, жуук.
  2. Тууган-туушкандыгы жагынан жакындыгы бар, бөлөкбөтөн эмес.
  3. Достугу, жолдоштугу, мамилеси, ымалаштыгы ж.б. жагынан жакындыгы, байланышы бар.
  4. Сүйкүмдүү, ысык, сүйгүнчүктүү.
  5. Тектештиги, окшоштугу, жалпылыгы бар, бири-бири менен байланыштуу.
  6. Мезгили, убактысы жагынан алганда жакындап калган учурду, чукулдап аз калган учурду көрсөтүүдө колдонулат.
  7. Чамасында, болжол менен, ошого барабар болгон, жете бербеген (сан, ченем, өлчөмгө карата).
  8. Бир нерсеге шыгы бар, байланыштуу, катышы бар, талапташ.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…нын, / Айтаары ушул болбойбу, / Күбүр-шыбыр кеп менен, / Жүрүп кетти кыргыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Буйрук кылып кат жазып, / Жакын жерин үч күндөн, / Алыс жерин он күндөн, / Калбай келсин деп жазып, / Каран түн салып элине, / Тумтак күнүн түгөтүп, / Сүрдүрүп келип чогултту, / Коросондун элине, / Көрүнөө салып кордукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Акылман туулган Керменбай, / Алдынан улак алпар, деп / Кырк баланы куптады, / Келинден тандап ыктуудан, / Кишиге жакын шыктуудан, / Так отузду жумшады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мен барганда экөө бир уйду жыгып салып, терисин сыйрып жаткан экен, Мен кошко жакындай бергенде, көрүп калып Жапаркул: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Ай кудай алгыр, ал хан жакын жерде жок, Сасык-Көлдүн аралында кара буура болуп чөгүп жатат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →