жакшы
- Сапаты, касиети, өзгөчөлүгү жагынан талапка ылайыктуу, көңүлгө толорлук.
- Ылайыктуу, пайдалуу, орундуу, жөндүү.
- Кулк-мүнөзү, жүрүш-турушу жагынан үлгү болорлук, моралдык сапаты жагынан жогору (адам жөнүндө).
- Ак ниет, жамандыгы жок, жөн билги, үлгү болорлук адам, алдыңкы катардагы.
- сүйл. Эл ичинде, өз айылында кадыр-барктуу, эл башкарган, эл бийлеген, башкаруучулардан, мыктылардан деп эсептелген адам.
- Көп, мол, арбын.
- Артык, түзүгүрөөк.
- Ачык, даана, айкын.
- Жакшылык.
- Абалды, ден соолукту суроодо, саламдашуу, учурашуу же коштошуу иретинде колдонулат.
- Баа коюу системасында «эң жакшы» деген баллдан кийинки баа катарында колдонулат.
- Жарайт, болуптур, макул деген сыяктуу ырастоо маанисинде да колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалгызектин Бактыбай, / Йобалыга айтканын, / Бекбачага кеп салып, / Баарын айтты жашырбай, / Бекбача угуп бул кепке, / Жакшы-жаман жооп кылбай, / Мурункудай турду жай, / Муну мындай таштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бекеринен бирөөгө, / Бир кой кармап бербедиң, / Кишинин жакшы-жаманын, / Карыганча билбедиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кам орбодум буудайын, / Сындырбадым куурайың, / Ак куржунуң ачпадым, / Ак теңге пулуң чачпадым, / Жакшы-жаман экен деп, / Артыңдан сени айтпадым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошол спискада байлардын, жакшылардын балдарынан кирген бирөө барбы?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошентип, бала менен энеси жыргап-куунап, жакшы турмушта жашап калган экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →