жакут

китептерде 19 жолу, 6 китепте
  1. Кымбат баалуу жылтылдаган асыл таш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жаркылдатып жакуттан, / Чаптырыптыр жанына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кат жазуучу үстөлүң, / Жан-жанынан ойдурган, / Жакут таштан койдурган, / Сары алтын бөрктөлүү, / Дүбөтү менен калемин, / Үстүнө катар койдурган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Билегинде Татандын, / Эки жакут ташы бар, / Кол көтөрсө жаркырар, / Ким бет келсе Татанга, / Көз уйалып жалтанар, / Көз жалтанып калганда, / Кылар иши кыйла бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Алтындан кылган чоң сөйкө, / Акыректе жаркылдап, / Он эки буттуу чоң чачпак, / Аркасында шаркылдап, / Түймөсү жакут, кохар таш, / Көз уйалып жалтылдап, / Айчүрөк жеңең ал турат, / Үй мүйүз тартып карашып, / Ак калпак кыргыз эл турат, / Кыз-келин күлүп шыңкылдап, / Айлана бас… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кундуз, маржан, жакуттан, / Булгун, кемчет асылдан, / Мой менен таштын баарынан, / Жүктөп келгин абыдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →